Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн сабактарыАта-бабабыздын акыл-ою, тынымсыз эмгеги, кылыч мизинде, кыл чайнашып, жаны канжыгада, каны көөкөрдө кармашып жүрүп, бирде жеңип, бирде жеңилип, нечен азап-тозокту башынан татыктуу кечирип, кайрадан ээ болгон эркиндиги, ээлик кылган мамлекети. Кыйын кездерде кыргыз баласы нечен сыноолорго чыдаган. Дал ошондой тагдыр чечүүчү сыноолордун бири - 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшү болуп эсептелет. 18.08.2023 : www.bbc.com |
Loading...
|
Жарыялар |