Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Эхинококкоз: Ичегиси ириген иттер жана караңгы кожоюндарЭхинококкоз боюнча Бишкекте өтүп жаткан дүйнөлүк конгресске дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн кесипкөй адистер жана эксперттер чогулду. Эхинококоз боюнча дүйнөлүк конгресс дүйнөнүн орус тилдүү бөлүгүндө биринчи жолу болуп жатат. Анткени дал ушул региондо бул оорунун жайылыш деңгээли жогору. Эң биринчи Кыргызстандын өзүндө эхинококкоз боюнча абал оор, 100 миң кишиге алты оорулуу туура келет. 30.08.2023 : www.bbc.com |
Loading...
|
Жарыялар |