Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.5095.50
RUB0.1400.210
KZT0.95500.9750

обновление 28.04.2024 16:05:13

Темир Сариев чек арадагы кезек үчүн Казакстанды сындады

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев кыргыз-казак чек арасында утур-утур пайда болгон жүк ташуучу автоунаалардын кезеги үчүн Казакстанды сындады. Бул тууралуу 7-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында айтты. “Бул жыл сайын кайталанат. Ушундан улам биздин бизнес жабыр тартууда. Жөн эле ар кандай шылтоолорду таап, чек араны жаап коёсуңар. Ишкерлерге аткарылбай турган шарттар коюлат. Бизнесмендер өтө көп чыгым тартып, товарлары күйүп кетүүдө. Чек арадан...


07.09.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32582675.html

 
Loading...

Жарыялар