Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Жалал-Абаддагы эс алуу жайында бирөөнү бычактаган шектүү кармалдыЖалал-Абад шаарында эс алуучу жайлардын биринде 35 жаштагы жаранды сегиз жолу бычак менен сайган шектүү кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 7-сентябрга караган түнү болгон. Жабырлануучу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш иши козгоп, соттук-медициналык экспертиза... 08.09.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32583640.html |
Loading...
|
Жарыялар |