Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
"Кемпир-Абад иши": Абактагылар басымга кабылып жатканын айтыштыКемпир-Абад маселесинен кийин кармалып, дээрлик бир жылдан бери камакта отурган саясатчылар менен активисттер аларга моралдык-психологиялык басым жасоого аракет кылып жатышканын билдиришти. “Бүгүн 14-сентябрда көрүнүктүү саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Жеңиш Молдокматовду жана Равшан Жээнбековду беткапчан, автоматчан спецназ менен сотко алып келишти. Алар бизге кылмыш иши менен таанышуу маалында моралдык-психологиялык басым жасоого аракет кылды. Муну менен бизди сындыра да, коркута да... 14.09.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32592584.html |
Loading...
|
Жарыялар |