Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.5095.50
RUB0.9550.975
KZT0.14000.2050

обновление 28.04.2024 05:25:10

Дмитрий Песков Армениянын Карабах тууралуу Россияга карата айыптоолорунун негизсиз экендигин айтты

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге Азербайжан армиясынын Карабахтагы жергиликтүү антитеррордук операцияларына баа берди.


20.09.2023 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2023/09/20/dmitrii-pieskov-armieniianyn-karabakh-tuuraluu-rossiiagha-karata-aiyptoolorunun-nieghizsiz-ekiendighin-aitty-2039995

 
Loading...

Жарыялар