Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Мектепте мыйзамсыз акча чогултууга айып пул салуу сунушталдыКыргызстандын мектептеринде ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин сайтындагы мыйзам долбоорунда мектепте мыйзамсыз акча чогулткандарга 7500 сом, коомдук фонд аркылуу акча чогулткандарга 10 миң сом, юридикалык жак болсо 28 миң сом айып пул салуу каралган. Мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева демилгеледи. Негиздеме катында “мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга жана... 22.09.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32604286.html |
Loading...
|
Жарыялар |