Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркия: ИИМдин алдында жардыруу болдуАнкарадагы чабуулду түрк бийлиги террордук аракет катары мүнөздөдү. Бул кол салууга эч бир жоопкерчилик алган жок. 1-октябрда эртең менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Расмий маалыматка караганда, анын дагы бир шеригин полиция жок кылган. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алды. Интернетке чыккан тасмаларда министрликтин жанына токтогон автоунаадан бир адам чыгып, имараттын кире беришинде өзүн жардырганын көрүүгө болот. Бул... 01.10.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/tuerkiya-iimdin-aldynda-zhardyruu-boldu-/32618115.html |
Loading...
|
Жарыялар |