карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкек ЖЭБи көмүр менен камсыздоо кечиккенин төгүндөдүБишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарларга түшүндүрмө берип, мекемени көмүр менен камсыздоо кечиккенин төгүндөдү. Түшүндүрмөдө айтылгандай, ЖЭБдин кампалары 330 миң тонна көмүрдү батырууга жөндөмдүү болсо ушул тапта аларда 310 миң тонна көмүр сакталып турат. Борбордун өкүлдөрү бул быйылкы күзгү-кышкы сезонун баштоого жете турганын маалымдап, отун менен камсыздоо бекитилген графиктин негизинде жүрүп жатканын... 03.10.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32621476.html |
Loading...
|
Жарыялар |