Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD69.6569.85
EUR77.5078.30
RUB1.1181.127
KZT0.18000.1850

обновление 16.01.2020 07:53:10

БУУ Тоолуу Карабакта миңге жакын армян калганын билдирди

Тоолуу Карабакта жашаган 120 миңдей армян тектүү калктын 1000дейи гана калды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) миссиясы билдирди. 3-октябрда таратылган маалыматта  Степанакерт шаарында жарандык инфраструктурага эч кандай зыян келтирилбегени, бирок калаа ээн калганы айтылат.   Степанакертти Азербайжан Ханкенди деп атайт.  БУУнун түрдүү багыттарында иштеген адистерден турган топ жеринде абал менен таанышуу жана тургундардын гуманитардык муктаждыктарын аныктоо максатында 1-октябрда...


03.10.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32621435.html

 
Loading...

Жарыялар