Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Министрлик бейөкмөт уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтүүгө даярдыгын билдирдиЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өкмөттүк эмес сектор менен кызматташтыгын кеңейтүүга даяр экенин мекеменин башчысы Гүлнара Баатырова билдирди. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 6-октябрда министр майыптыгы бар балдарга жана чоңдорго, улгайган адамдарга, турмуштук оор шартта жашап жаткан балдарга түрдүү кызмат көрсөткөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, кызматташтык багыттарын талкуулады. “Жолугушууда кызматтардын сапатын... 08.10.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32628025.html |
Loading...
|
Жарыялар |