Кыргызча анекдот / апенди:

Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.

бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.4095.40
RUB0.9450.970
KZT0.14000.2050

обновление 28.04.2024 09:35:20

Көлбаевдин көмүскө империясы кантип курулган?

Жарым миллион доллардык таажы, чопкутталган автоунаалар жана көз жоосун алган хансарайлар. УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев эсепсиз байлык топтогонун, кезинде саясатка таасир этип турганын жарыялады. Атайын операцияда өлтүрүлгөн Көлбаевдин таасирдүү империясына кимдер же кайсы жагдайлар шарт түзгөн? Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топторго каршы «элдешкис» күрөш жүргүзөрүн жар салууда. Бул күрөш криминалдык дүйнөнү ооздуктай алган Грузиянын тажрыйбасынан эмнеси менен айырмаланат? Деги эле тамыры...


12.10.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32634795.html

 
Loading...

Жарыялар