апенди
Апендинин барбаган жери, кылбаган иши жок эмеспи. Анын сыңарындай апенди АКШда МАИде иштеп калат экен. Кечке турса да эч кимге штраф жаза албайт дейт. Иш убактысы бүтүп, эми кетейин деп жатса, жолдон велик минген бирөө баратыптыр.Апенди аны токтотуп: "Сага штраф жазам" десе, тиги: "Жок, мага штраф жаза албайсың. Себеби, мен попмун.Бир далымда Мариям эне, бир далымда Иса ата бар" дептир. Анда апенди: "Омееей, жол эрежесин даана силер бузган турбайсыңарбы. Беш жүз доллар штраф жазам. Себеби, бир великке үчөөңөр минип алыпсыңар" деген экен.адыл
Кийинки анекдот/апендини оку
Мадумаровдун соту 30-октябрда уланат18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү. Процесске анын адвокаттары гана киргизилди. Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленди. Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан, эч кандай маалымат алууга... 19.10.2023 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32642869.html |
Loading...
|
Жарыялар |