Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.5095.50
RUB0.1400.210
KZT0.95500.9750

обновление 28.04.2024 13:50:18

Израилдин армиясы Сириянын аймагына сокку урду

Израилдин Коргонуу армиясы Сирия тараптан жасалган соккуларга жооп катары сириялык аскерлерге караштуу жайларга сокку урду. Бул тууралуу ЦАХАЛ социалдык түйүндөр аркылуу билдирди. Израилдин чабуулу тууралуу Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары аскерлерге таянып жазды. Маалыматка караганда, андан сегиз сириялык жоокер мүрт кетип, бир нечеси жараат алган. ХАМАС тобу Израилге кол салган 7-октябрдан бери Сирия тараптан бир нече ирет абадан сокку урулганын ЦАХАЛ билдирген. Маалыматка...


25.10.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32653193.html

 
Loading...

Жарыялар