Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD69.6569.85
EUR77.5078.30
RUB1.1181.127
KZT0.18000.1850

обновление 16.01.2020 07:53:10

Салык кызматы: чек лотереясына 300 миңден ашык адам катышып жатат

Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясына катышып жаткан жарандардын саны 300 миңден ашканын билдирди. Анда жалпысынан баасы 9,1 миллиард сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөрүлгөнүн, 8,1 миллион ID-номер ыйгарылганын, алардын ар бири лотереяга катышып жатканын кабарлады. Быйылкы чек лотереясынын биринчи айлампасы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн. Анда 1200гө чукул байге ойнотулган жана анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик үч жолдомо...


25.10.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32653372.html

 
Loading...

Жарыялар