Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.4095.40
RUB0.9550.970
KZT0.14000.2050

обновление 27.04.2024 12:20:16

Чычкан эмбриону космосто биринчи жолу өстүрүлдү

New Scientist журналынын кабарына караганда, изилдөөнүн башкы автору Терухико Вакаяма жана анын лабораториядагы командасы даярдаган тоңдурулган чычкан зиготалары 2021-жылдын август айында SpaceX ракетасы менен Эл аралык космос станциясына жөнөтүлгөн.


31.10.2023 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkun-duino/2023/10/31/chychkan-embrionu-kosmosto-birinchi-zholu-osturuldu-2058001

 
Loading...

Жарыялар