Коркок имам
Бир имамды айылга жөнөтүшөт экен, айылга барып имамдык кылып кел деп.
Айылдагылар имамдын коркок экенин угушуп, имамды тамашалап коркутуп көрөлү дешиптир.
Бир жаназа бар ошону жууш керек дешет, биз эч кимибиз жууй албайбыз деп, имамды жууп берүүсүн
өтүнүшөт.
Имам жууганы кирип кетет,
Бир топ убакыт өтөт, имамдан эч дайын жок. Айылдагылыр имамга эмне болду деп тынчсызданышат.
Имам тердеген бойдон жини келип сыртка чыгат, айылдагыларга кайрылат:
- Эй, жамаат, мындан кийин мага тирүү бирөөнү жуу дебегиле, араңдан өлтүрүп жууп чыктым дейт экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Психолог: Кризистик борборго келгендер дарбазадан чыккандан да коркушатУлуттук статистикалык комиттеттин берген маалыматында, 2022-жылы кризистик борборлорго кайрылгандардын саны 14525 болду. 10 миңге жакыны үй-бүлөдө зомбулукка кабылган. Бул андан мурдагы жылга караганда эки миңге көп. Үй-бүлөдөгү зордук-зомблуктан улам барар жери жок калган айымдар үчүн Кыргызстанда түрдүү кризистик борборлор бар. Аларга берилчү алгачкы жардам тууралуу “Аялзат” кризистик борборунун психологу Айнур Кыдыралиева менен баарлаштык. 07.11.2023 : www.bbc.com |
Loading...
|
Жарыялар |