Кыргызча анекдот / апенди:

Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD82.0083.00
EUR83.0084.00
RUB1.3201.400
KZT0.10000.2000

обновление 14.07.2022 13:22:26

Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 22-ноябрга жылдырылды

15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум болбой калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бул ишке байланыштуу шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди. Жараян дагы бир шектүү, саясатчы Азимбек Бекназаровдун жактоочусу сотко келбей калганы жана тергөө абагында жаткан 11 киши отурумга алынып келбегени үчүн жылдырылганын айтты. Кийинки соттук процесс 22-ноябрда өтөт. “Биз тергөө...


15.11.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32685299.html

 
Loading...

Жарыялар