Кыргызча анекдот / апенди:

Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR95.0096.00
RUB0.9500.990
KZT0.14000.2100

обновление 28.04.2024 22:05:16

Президент Жапаров бийлик "паспорттук мафия менен күрөшүп жатканын" айтты

Президент Садыр Жапаров мамлекет көп жылдар бою тамырлап, өлкөгө миллиарддаган сомдук зыян келтирген паспорттук мафияны жеңүү үчүн эки жылдан бери күрөшүп жатканын белгиледи. Мамлекет башчы бул тууралуу пикирин 4-декабрда Бишкектеги “Учкун” ишканасына барган учурда билдирди. Ал азыркы маалда “Учкун” ишканасы керектүү техника менен жабдылганын, мамлекеттик маанидеги документтерди, паспортторду өз алдынча чыгара аларын маалымдады. Президентке басмаканадан чыгарылып жаткан жалпы билим берүү...


04.12.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32713256.html

 
Loading...

Жарыялар