Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.30
EUR94.6095.60
RUB0.9500.980
KZT0.13000.2050

обновление 28.04.2024 04:35:18

Непал өз жарандарын орус армиясына жалдабоого Москваны чакырды

Непалдын бийлиги Москваны өлкө жарандарын орус армиясына жалдабоого жана келишимдерге кол койгондорду демобилизация кылууга чакырды. Reuters агенттиги кабарлагандай, буга чейин Украинада Орусиянын тарабында согушкан непалдык алты киши каза тапкан. Агенттик Непалдын жалданма аскерлери жакшы машыккан, мыкты согуштук чеберчилиги менен белгилүү болорун, муну алар британ жана Индия армияларында далилдегенин жазды. Ал мамлекеттер менен Непалдын тиешелүү келишими бар, бирок Орусия менен түзүлгөн...


05.12.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32715677.html

 
Loading...

Жарыялар