Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.8095.50
RUB0.9450.965
KZT0.14010.2050

обновление 28.04.2024 00:05:20

Чехия: Окуу жайга кол салуудан 15 адам өлдү

Чехиянын борбору Прага шаарындагы Карлов университетинин имараттарынын бириндеги куралдуу кол салууда 15 киши каза болгону, 25 киши жараат алганы белгилүү болду. Мерт болгондордун арасында кол салган адам өзү да бар. Чехиянын полициясы бул кандуу окуянын терроризм менен байланышы жок экенин билдирди. Өлкөдө 23-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды.


22.12.2023 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/32743405.html

 
Loading...

Жарыялар