карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Гаага: Израилди геноцидге айыптаган арыз каралуудаКыргызстанда “Ислам каржы кооперативи” деп аталган турак жай кооперативинин негиздөөчүсү камалды. БУУнун Гаага соту Түштүк Африка Республикасынын Израилге каршы арызын кароого киришти. Расмий Претория Израилди Газада палестиндерге каршы геноцид жүргүзүп жатат деп айыптаса, Тель-Авив аны четке кагууда. Кадамжай районунда биринчи топтогу майыптыгы бар, 23 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты. Келин буга чейин да күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканага жатып чыкканы маалым болду. 11.01.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32770413.html |
Loading...
|
Жарыялар |