Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.5095.50
RUB0.1400.210
KZT0.95500.9750

обновление 28.04.2024 10:50:16

Германия Газада чукул гуманитардык тыныгуу берилишин талап кылды

Тышкы иштер министри Бербок, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алында билдирүү жасады.


22.01.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/01/22/giermaniia-gazada-chukul-ghumanitardyk-tynyghuu-bierilishin-talap-kyldy-2091876

 
Loading...

Жарыялар