Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
БУУ Газадагы азык-түлүк бөлүштүрүү тууралуу отчетун жарыяладыБУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсеси (OCHA) Газа тилкесиндеги окуяларга байланыштуу жарыялаган акыркы жаңыртуу отчетунда операциялык аймактын жана азык-түлүк жардамын жеткирүү мүмкүнчүлүгүнүн чоң өлчөмдө тосулганы белгиленди. 29.01.2024 : www.trt.net.tr |
Loading...
|
Жарыялар |