карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
"Бир ырым үчүн 5600 сом алдым". "Монпарнаска" чыккан калемгерлерБелгилүү кинорежиссёр, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз “Монпарнас” деп аталган жаңы адабий журналды негиздеп, ага чыгармалары жарыяланган акын-жазуучуларга калем акы төлөп берүүдө. Бул демилгенин максаты - кыргыз тили менен адабиятын өнүктүрүү. 01.02.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32798129.html |
Loading...
|
Жарыялар |