Кыргызча анекдот / апенди:

Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD84.1584.65
EUR93.4094.40
RUB0.8900.930
KZT0.12300.1800

обновление 21.09.2024 06:40:14

Түркия Борбордук банкы менен Испаниянын Борбордук банкынын ортосунда келишим түзүлдү

Түркия Республикасынын Борбордук банкынын төрайымы Хафие Гайе Эркан Испаниянын Борбордук банкы менен макулдашуу меморандумуна кол коюу үчүн Испанияга бир күндүк сапар менен барды.


01.02.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2024/02/01/turkiia-borborduk-banky-mienien-ispaniianyn-borborduk-bankynyn-ortosunda-kielishim-tuzuldu-2096359

 
Loading...

Жарыялар