Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.9095.90
RUB0.1380.205
KZT0.94500.9850

обновление 27.04.2024 11:35:23

Жапон сулуусу аталган украин кызы жемеге калды

Украинада төрөлүп, Жапонияда чоңойгон Каролина Шиино “Жапония сулуусу-2024” сынагын жеңгенден кийин жемеге калды. Жапон коомунда европалык келбеттеги кыздын сынакты утушу кызуу талкууланууда. Нагое шаарында беш жашынан бери жашаган Шиино жапон тилинде эркин сүйлөйт жана өзүн жапон катары сезерин айтат.


03.02.2024 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/zhapon-suluusu-atalgan-ukrain-kyzy-zhemege-kaldy/32803022.html

 
Loading...

Жарыялар