Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.
бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркия: Зилзалада жоголгон жакындарын издегендерТүркияда бир жыл мурунку зилзаланын курмандыктарын эскерип жатышат. Кырсыкта дайынсыз жоголгондордун жакындары ушул күнгө чейин аларды издеп келет. Жер титирөөдө жабыркаган шаалардын тургундары түнү менен жөө жүрүшкө чыгып, Антакияда чогулгандар өкмөттү отставкага кетүүгө чакырды. Түрк бийлиги зилзаладан жабыркагандарга жаңы салынган үйлөрдүн ачкычын тапшырып, калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. 06.02.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32807731.html |
Loading...
|
Жарыялар |