Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Матраимовдун мамлекетке өткөн үч миллиарддык мүлкүУКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 3 млрд 98 млн 134 миң сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирди. Алардын катарында Бишкектеги “Бай-Таш” турак жай комплексинин бир бөлүгү, Чүй жана Ош облусунда жайгашкан бажылык каттоо жерлери бар. Издөө жарыяланган Матраимовдун жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. 08.02.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32810896.html |
Loading...
|
Жарыялар |