Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку
Газа: Рафах шаарына абадан сокку улануудаГаза тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына абадан сокку уланууда. Израил армиясы эл аралык басымдан улам бул калаада жердеги операциясын баштай элек. АКШнын президенти Жо Байден Рафахтагы операция "чоң ката" болорун эскертти. Ал арада кыргыз бийлиги эл аралык коомчулукту Газадагы согушту токтотууга көмөктөшүүгө чакырды. 19.03.2024 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/32868660.html |
Loading...
|
Жарыялар |