Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.60
EUR94.8095.80
RUB0.1380.205
KZT0.94000.9700

обновление 30.04.2024 04:40:19

Кыргыз окумуштуулары жер титирөөнү болтурбай коюунун жолун тапты

Кыргыз окумуштуулары катуу жер титирөө болорун болжоп айтуунун жана анын алдын алып болтурбай коюнун илимий жолун тапканын билдиришүүдө. Москвадагы Евразиялык патенттик уюмдан “Тектоникалык жер титирөөнү болтурбай коюу ыкмасын» күбөлөгөн патент жакында окумуштуусу, техника илиминин доктору, профессор Кушбакали Тажибаев менен Данияр Тажибаевге тапшырылды. Би-Би-Си профессор Кушбакали Тажибаевге жолугуп, жаңы ойлоп табуунун маанисин жана практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн сурады.


09.04.2024 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c25l0z9yerno

 
Loading...

Жарыялар