Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.6095.60
RUB0.9300.965
KZT0.14000.2060

обновление 30.04.2024 20:55:17

Россиянын тышкы иштер министри Лавров Кытайда

Пекинге барган Лавров кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушту.


09.04.2024 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2024/04/09/rossiianyn-tyshky-ishtier-ministri-lavrov-kytaida-2126292

 
Loading...

Жарыялар