Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR95.0096.00
RUB0.9500.980
KZT0.14000.2060

обновление 06.05.2024 19:50:20

Кара-Жыгачта кордолгон келин дарылана албай жатат

Бишкектин Кара-Жыгач конушунда күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин учурда каражаттын жоктугунан дарылана албай жатат. Колундагы тогуз айлык баласы менен дос кызынын үйүндө жашап жатканын Би-Би-Сиге айтып берди. Жакынкы күндөрү социалдык тармактарда аялын машинаны айлантып кууп, сабап жаткан жаш жигиттин видеосу тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна калды. Окуя 21-апрель күнү болгон. Бир күн өтпөй, жаш келиндин арызы менен Октябрь райондук милициясы 28 жаштагы жигитти кармап, 280-берене (Бейбаштык) кылмыш иши козгоп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду.


26.04.2024 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c2qv9062vpqo

 
Loading...

Жарыялар