Кыргызча анекдот / апенди:

Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.2089.05
EUR94.7095.70
RUB0.9600.975
KZT0.14000.2050

обновление 15.05.2024 19:15:24

"Чынжыры үзүлбөс зомбулук, согуш". Женева конвенциялары курмандыктарды коргодубу?

Женева конвенциялары азыр эч кандай кесепеттерсиз бузулуп жатат. Мамлекеттер өздөрүнө кесепети жок ооруканаларды бомбалап, карапайым адамдарды өлтүрүп, зордуктап, тоноп, кыйноого алып, туткундарды өлтүрүшүүдө. Бул конвенциялар иштебей жаткан соң кайра карап чыгуунун убакыт сааты келген жокпу?


29.04.2024 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cw4d5jz3kq1o

 
Loading...

Жарыялар