Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD68.1568.35
EUR79.3080.30
RUB1.0901.100
KZT0.19200.2020

обновление 16.07.2018 18:38:23

Кыргыз эл артисти Фахридин Баяков дүйнөдөн кайтты

Кыргыз эл артисти, комузчу, Ош мамлекеттик университетинин профессору, педагог Фахридин Баяков дүйнө салды. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинен билдиришти.   Белгилүү комузчу жана аткаруучу Фахридин Баяков Ош мамлекеттик универститетинде жана Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда эмгектенип келген. Ал 1949-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунда төрөлгөн. 1969-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жданов орто мектебин аяктаган. 1979-жылы Бүбүсара Бейшеналиева...


13.01.2018 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/28973522.html

 
 

Жарыялар