Кыргызча анекдот / апенди:

Бир маймыл
Бир маймыл токойдо кетип баратып"кузгу" таап алыптыр да андан озун бетин коруп >-деп жолунда кете берген экен
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.4088.80
EUR94.8095.80
RUB0.9350.980
KZT0.13000.2100

обновление 04.05.2024 03:50:16

-январ жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
«
1 | 2 | 3 | 4 | 5
»

21.01.2023 Гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат
Саламаттык сактоо министрлиги ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарында сарыктын В түрүнө каршы эмдөө акысыз жүрүп жатканын кабарлады. “Жалпы 600 миң доза вакцина бар. Алардын 450 миңи гуманитардык жардамдын алкагында келген. Бюджеттик каражатка 150 ми... www.azattyk.kg

20.01.2023 Бишкекте ММКлардын имараттарындагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты
Бишкек шаарында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жайгашкан имараттарда “бомба коюлганы” тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Шаардык милиция эч кандай жарылуучу зат табылбаганын маалымдады. 20-январда саат 15:45те 102 кызматына Бишкектин бор... www.azattyk.kg

20.01.2023 ТИМ ооган кыргыздары арасында тумоо күчөгөнү тууралуу маалыматты текшерүүдө
Кыргызстан Ооганстандын Памир өрөөнүн байырлаган кыргыздар арасында оору күчөп, өлүм көп катталганы тууралуу маалыматты бир нече булактан такташтырып жатканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди... www.azattyk.kg

19.01.2023 Ооганстанда 15 жылдан берки эң катуу суукта ондогон киши көз жумду
Ооганстанда бийликте турган “Талибан” өкмөтү кеминде 70 киши, анын ичинде балдар катуу сууктан көз жумганын билдирди. 15 жылдан бери сууктун күчү мынчалык катуу болгон эмес. 19-январда Чукул кырдаалдар министрлиги сегиз провинцияда соңку сегиз күндө... www.azattyk.kg

19.01.2023 Министрлик Санариптик кодекстин концепциясын сунуштады
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Санариптик кодексинин долбоорунун концепциясын иштеп чыгып, 19-январда бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Кодекстин долбоору тууралуу санариптик өнүктүрүү минист... www.azattyk.kg

19.01.2023 Абдиев: Кылмыштуу топтор менен кызматташкан саясатчы, ишкерлер бар
Ички иштер министрлиги Уюшкан кылмыштуу топтордун байланыштарын иликтеп жатканын парламенттин 19-январдагы сессиясында  ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, саясатчы, ишкерлердин арасында кылмыштуу топтордун мүчө... www.azattyk.kg

Жарыялар

19.01.2023 "Кыргызалтындын" жетекчиси алмашты
“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Калдарбеков кызматтан кетүү арызын жазганын "Азаттыкка" 19-январда ырастады. Ал кайсы кызматка бара турганын айткан жок. 33 жаштагы Калдарбеков "Кыргызалтындын" жаңы жетекчилиг... www.azattyk.kg

19.01.2023 Давос экономикалык форуму: чарпылган өлкөлөр, чачыраган дүйнө
16-январда башталган Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун (БЭФ) 53-сессиясы өтүп жатат. Насили өкмөттүк эмес уюм, кирешеси 5 миллиард доллардан ашкан 1000 трансулуттук компаниялар тарабынан каржыланат.... www.bbc.com

19.01.2023 Давос: Зеленский заманбап курал-жабдык Орусиянын чабуулдарынын мизин кайтарарын айтты
18-январда Швейцариянын Давос шаарына чогулган дүйнөлүк лидерлерге Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуу жасап, Батыштын танктары менен абадан коргонуу системасы канчалык чукул арада келсе, ошончолук Орусиянын чабуулдарынын мизин ка... www.azattyk.kg

18.01.2023 Беларуста прокурор “Радыё Свабоданын”журналистинин жубайын эки жылга кесүүнү сурады
Беларустун Брест облустук сотунда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус кызматы – “Радыё Свабоданын” журналисти Игорь Лосиктин жубайы Дарья Лосиктин үстүнөн сот жүрүп жатат. Прокурор аны “экстремисттик ишмердик кылган” деген кине менен эки жылга ... www.azattyk.kg

18.01.2023 Өзбекстан: Элди жана бийликти сынаган энергетикалык кризис
Ызгаар суукта Өзбекстанды каптаган энергетикалык кризис элдин жанына батты. Адатта бийликти сындабай, кыйынчылыктарга унчукпай келген өзбекстандыктардын быйылкы суукта чыдамы кеткендей. 16-январда Чырчык шаарында жарыктын жоктугуна нааразы болгон би... www.azattyk.kg

Кыймылсыз мүлк

18.01.2023 Жети жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду
Чүйдө ооруканага оор абалда түшкөн жети жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренесинин негизинд... www.azattyk.kg

18.01.2023 Днепрдеги орусиялык ракетадан кыйраган үйдүн тургундарынын мүшкүлү
14-январда, ишемби күнү түштөн кийин Украинанын борбордук аймагындагы миллионго жакын калкы бар Днепр шаарында аба чабуулун эскерткен сиреналар жаңырды.... www.bbc.com

17.01.2023 Каракол: Эки аптада алты ымыркай чарчап калган төрөт үйү убактылуу жабылды
Каракол шаарындагы төрөт үйүндө жыл башынан берки эки апта ичинде алты ымыркай чарчап калганына байланыштуу маселе Саламаттык сактоо министрлигинин атайын штабынын көчмө жыйынында талкууланат. Бул тууралуу бүгүн 17-январда министрликтин басма сөз кыз... www.azattyk.kg

17.01.2023 Майлуу-Суу: Үч откананын экөөнүн иши калыбына келтирилди
Майлуу-Сууда сууктун айынан токтоп калган үч откананын дагы бири кайрадан иштей баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 17-январдын эртең мененки саат 10уна карата №4 отканага электр жарыгы жеткирилип, шаардын 198 абоне... www.azattyk.kg

16.01.2023 Журналисттер Соледардагы чабуулду башкарган "вагнерчи" командирдин тек-жайын аныкташты
Украинанын Соледар шаарына чабуул коюуда орусиялык "Вагнер" жалданма аскер бөлүгүн жетектеген командирдин тек-жайын журналисттер аныкташты. "Досье" иликтөө борбору ал Башкы чалгын башкармалыгынын атайын күчтөрүнүн мурдагы офицери Антон Елизаров экен... www.azattyk.kg

Авто-мото

16.01.2023 Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди
Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 16-январда өкмөттүн сайтына жарыяланды. Буга өлкөдө каржы-экономикалык коопсуздукту камсыз кы... www.azattyk.kg

16.01.2023 Днепрде Орусиянын соккусунан өлгөндөр 36га жетти
Украинанын Днепр шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан мерт кеткендердин саны 36га жетти, дагы отуздан ашууну дайынсыз. Улуттук полициянын башчысы Игорь Клыменконун айтымында, курман болгондордун экөө балдар. Днепропетровск облусунун башчысы Вален... www.azattyk.kg

16.01.2023 ИИМ уюшкан кылмыштуу топтор боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатат
Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 16-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоо... www.azattyk.kg

16.01.2023 Майлуу-Суунун мэри таза суу бир күн ичинде берилерин билдирди
Майлуу-Суунун мэри Нурланбек Умаров шаар бир күн ичинде таза суу менен толук камсыз болорун 16-январда "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, суу топтолгон жайдан шаарга чейинки түтүктөрдөгү муз дээрлик эритилип, ортодо бир чакырымдай жери калды. Азы... www.azattyk.kg

15.01.2023 Днепрде ракеталык соккудан мерт болгондор 25ке жетти
Бул туурасында 15-январда Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал чабуулдан өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтты. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Талкаланган көп кабаттуу үйдүн урандысында калгандарды куткаруу иши түнү менен улан... www.azattyk.kg

Кызматтар

15.01.2023 Иранда төрт айга созулган нааразылык акциясында 522 киши каза болду
Бул туурасында 15-январда АКШдагы укук коргоочулардын маалымат агенттиги жарыялаган билдирүүдө айтылат. Мерт болгондордун арасында 70 жашы жете элек өспүрүм жана 68 күч кызматкери бар. Агенттиктин маалыматына караганда, каршылык акцияларында 20 миңг... www.azattyk.kg

15.01.2023 Молдова өз аймагына түшкөн ракета калдыктарын зыянсыздандырды
Молдованын Украина менен чек арасына жакын түндүк тараптагы айылынан табылган ракета сыныктарындагы жарылуучу заттарды 15-январда адистер тобу атайын жардырып, зыянсыздандырды. Молдованын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Бричени районундагы Л... www.azattyk.kg

15.01.2023 Днепр: Орусиянын соккусунан көп кабаттуу үй кыйрап, ондогон киши каза болду
14-январда Орусиянын кезектеги жапырт ракеталык соккуларынан Украинанын Днепр шаарында тогуз кабаттуу турак жай кыйрап, кеминде 20 киши каза тапты. Ондогону жаракат алды. Уранды алдында калгандарды издөө уланууда. Днепрдеги кырдаал тууралуу видеону к... www.azattyk.kg

15.01.2023 Бишкек: Ала-Арча суусунун жээктери тазаланып жатат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарын аралап өткөн Ала-Арча суусунун жээктерин муздан тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. "Ала-Арчанын нугунда муз тоңуп, дарыянын дэңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу пайда болгон. 13-январдан тарта Өзг... www.azattyk.kg

14.01.2023 Кримтөбөлдү кайра каматкан Оштогу мушташ
Ош шаарындагы адам өлүмү менен аяктаган окуяга катыштыгы бар делген үч жаран кармалып, дагы экөө издөөдө. 13-январда үрөй учурган бул кылмышты уюштурду делген шек менен кримтөбөл Кадыр Досонов кармалган. Оштун милициясы бул окуяны криминалдык топторд... www.azattyk.kg

14.01.2023 Орусия Украинанын инфратүзүмдөрүн дагы ракета менен аткылады
Орус армиясы 14-январда Украинаны дагы ракета менен аткылады. Киев облустук аскер администрациянын башчысы Алексей Кулеба жарылуулар таңкы саат 6дан тарта башталганын, маанилүү бир инфраструктуралык объектте өрт чыкканын маалымдады. Ошондой эле 18 ту... www.azattyk.kg

14.01.2023 Жапаров менен Рахмон чек ара маселелерин чечүүнү сүйлөштү
Президент Садыр Жапаров 14-январда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз кызматы билдирди. Анда тараптар өз ара алака-катыштын 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттуктады. Кызматташтыкт... www.azattyk.kg

14.01.2023 Кара-Жыгач айылындагы Балдар үйүндөгү өрттүн себеби такталууда
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында гы Балдар үйүндө чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн, жабыркагандар жоктугун билдирди. Маалыматка караганда, кырсык тууралуу 13-январда кечки саат 7де кабар тү... www.azattyk.kg

13.01.2023 Электр жарыгы кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгү эскертилди
“Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасы өлкө аймагында электр кубаты менен камсыздоодо кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуроолор болушу ыктымал экенин эскертти. Мекеменин 13-январдагы маалыматында “Электр энергиясын керектөө кескин көбөйгөндүктөн электр ... www.azattyk.kg

13.01.2023 Депутат Лейлектин макамы аныктала элек айылдары боюнча маселе көтөрдү
Баткен облусунун Лейлек районунда ондон ашуун айылдын макамы расмий аныктала элек болуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирди. Бул маселени ал парламенттин 12-январдагы жыйынында көтөрдү: “Ондон ашуун айыл Лейлек районунда айыл ... www.azattyk.kg

13.01.2023 ОСАГО полиси: Айдоочунун жоопкерчилигин камсыздоо
Кыргызстандык айдоочулар 1-январдан тарта “автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” (ОСАГО) полисин каттай баштады керек. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам сегиз жыл мурун кабыл алынганы м... www.bbc.com

12.01.2023 Орусияда эки миңдей кыргыз жараны камакта отурганы, алардын 30% аялдар экени айтылды
Орусияда эки миңден ашуун кыргыз жараны камакта отурганын 12-январда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянып Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев билдирди. Депутат алардын 1001и... www.azattyk.kg

12.01.2023 Каракол: Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келин боюнча иш сотко өттү
Караколдо ажырашкан күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин өлүмү боюнча кылмыш иши соттун кароосуна өттү. Бул тууралуу 12-январда "Азаттык" радиосуна укук коргоочу Камил Рузиев билдирди. Анын айтымында, тергөө аяктап, иш Каракол шаардык сотуна өткө... www.azattyk.kg

11.01.2023 Украинада Соледар үчүн салгылаш уланууда
Украинанын Донецк облусундагы Соледар шаарынын үчтөн эки бөлүгү орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин "Настоящее время" каналына украиндердин "Айдар" батальонунун ардагери Евгений Дикий билдирди. Ал бул маалыматты 10-январда Соледарда согушуп жаткан жол... www.azattyk.kg

11.01.2023 Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин "Азаттыкка" коюлган чектөөлөрдү алууга үндөдү
Эл аралык "Жарандык тилектештик платформасынын" мүчөлөрү "Азаттык" радиосу кабылган жагдайды сындап, Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин сактоого үндөштү. Ар кайсы мамлекеттердеги отузга чукул уюмдун башын бириктирген платформа Кыргызстандын бийли... www.azattyk.kg

11.01.2023 Эмил Жамгырчиевдин иши кайра тергелмей болду
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши сотко чейинки териштирүү жүргүзүүнү уюштуруу үчүн өлкөнүн башкы прокуроруна жөнөтүлдү. Бул тууралуу 11-январда “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Жогорку сот Башкы прокуратура... www.azattyk.kg

11.01.2023 Абактагы Суранова абалы начарлаган эки аялды бошотууга президентти чакырды
Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрдан бери абакта отурган блогер Перизат Суранова 11-январда президент Садыр Жапаровго кат менен кайрылды. Анын катын укук коргоочулар интернетке жарыялашты. Анда блогер өзү менен кошо абакта отурган саясатчы Асия С... www.azattyk.kg

11.01.2023 Швецияда ПКК/ЙПГнын шведдик лидери делген Шияр Алинин соту болот
Expressen гезитинин маалыматына караганда, 59 жаштагы Али 400 миң еврого жакын акчаны адалдаган деген шек менен Стокгольмдун Нака райондук сотуна 16-январда чыгат.... www.trt.net.tr

11.01.2023 Жаңы салык саясаты: Баалуу металл, банктык сыр, оюн-зоок жайлары
Жыл башталары менен Салык кодексинин бир катар беренелери күчүнө кирди.  1-январдан тарта Салык кодексинин 106, 245, 297, 336, 368, 423 жана 453-беренелери боюнча жаңы жоболор күчүнө кирди. Бул жоболорго ылайык, 2022-жылдын башынан бери каралып келг... www.azattyk.kg

«
1 | 2 | 3 | 4 | 5
»