Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD82.0083.00
EUR83.0084.00
RUB1.3201.400
KZT0.10000.2000

обновление 14.07.2022 13:22:26

Барсбек жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

07.12.2020 Енисейди бойлой Барсбектин мүрзөсүн издегенде... Юлий Худяков менен маек
Кыргыз элинин тарыхында Енисей доору абдан орчундуу. Бул дарыянын жээгин байырлаган кыргыздар эркиндиги үчүн тынбай күрөшүп, державасын түптөгөн. Ал эми экинчи жагынан 18-кылымдын башында Енисейдин боюндагы кыргыздардын көбү аргасыздан Ата Журтун бир... sputnik.kg