Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6088.89
EUR95.0096.00
RUB0.9450.985
KZT0.13000.2100

обновление 27.04.2024 04:30:24

Жылдызбек жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

27.08.2021 Жылдызбек Абдраимов, куудул: “Рахман Разыков агайымды каза болор алдында бир сүйүндүргөм”
Ырчы Мирлан Баековдун багын ачкан “Кызыл өрүк”, “Ата тилеги”, Аваз Акимовду элге тааныткан“Айганыш” ырларынын сөзү “Жоролор” тобунун жетекчиси, куудул Жылдызбек Абдраимовго таандык... www.super.kg

25.07.2021 Дастан Жумабеков Көк бөрү федерациясынын Таластагы жетекчиси болуп шайланды
Шайлоо бүгүн өткөнү маалымдалды. Буга чейин Талас облусунда көк бөрүчүлөрдү Жылдызбек Музуратбеков башкарып келген.... sputnik.kg

21.06.2021 Айтыш-2021: баш байгени Идирис Айитбаев алды
Борбордо “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Байге фонду 1000 000 сомду түзгөн айтышка 12 акын жарышка түштү. Баш байгени төкмө а... www.azattyk.kg