Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.40
EUR94.7095.70
RUB0.9550.975
KZT0.12500.2060

обновление 26.04.2024 18:45:11

айтике жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

10.06.2021 Айтикеев: өткөн шайлоодо мыйзам бузган талапкерлер жаңысына катыша албайт
БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев Бишкек, Ош, Токмок шаарларына жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого 48,3 миллион сом каралганын белгиледи.... sputnik.kg

21.04.2021 БШК Кубанычбек Жумалиевдин депутаттык мандатын токтотту
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу токтомду БШКнын мүчөлөрү 21-апрелдеги олтурумунда кабыл алышты. Баяндамачы, шайлоолор... www.azattyk.kg