Кыргызча анекдот / апенди:

Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.8089.70
EUR94.5095.50
RUB0.9550.967
KZT0.14000.2050

обновление 26.04.2024 06:30:16

ипотекага жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

11.12.2023 Бишкекте ипотекага салынган көп кабаттуу үй ээлерине берилди
11-декабрда Мамлекеттик ипотекалык компания менен “Керемет Банктын” биргелешкен долбоору боюнча Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. 9 кабаттан турган 108-... www.azattyk.kg

14.11.2021 Ош: муниципалдык ипотекага батирлер бериле баштайт
Ош шаарындагы 170 батирлүү эки үйдүн курулушу ушул жылдын соңунда бүтөт. Бул үйлөр алгачкы жолу муниципиалдык ипотека программасынын алкагында курулганын шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов 14-ноябрда “Азаттык” радиосуна билдирди. ... www.azattyk.kg

31.07.2021 Усупова: эми каалоочулардын баары ипотекага үй ала алат
"Ак-Босого" турак жай-сактык, кредиттик компаниясынын директору Айзаада Усупова Кыргызстандын жарандары турак-жай сатып алууга керектүү сумманын 50 пайызын 3-10 жыл аралыгында топтоп, үй сатып алса болорун айтты.... sputnik.kg

24.09.2020 Мамлекеттик ипотекага кезек күткөндөр көбөйдү
Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезекке тургандардын саны алты миңге чукулдады. Алды 2016-жылы кайрылгандар. Компания донорлордон каражат издеп жатат.... www.bbc.com

17.09.2020 МИКтин башчысы ипотекага инвестор табуу үчүн элчилерден жардам сурады
Абжапарова жеңилдетилген ипотекалык насыяларды берүү үчүн каражат тартыш болуп жаткандыгын белгилеген.... sputnik.kg