Кыргызча анекдот / апенди:

Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.60
EUR94.7095.70
RUB0.9550.970
KZT0.14000.2050

обновление 27.04.2024 08:35:20

кошулганда жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

18.12.2021 Ала качууга баш ийбеген кыз сүйгөнүнө жетти
Сүйгөнүнө жолуккандар, кошулгандар - бактылуу. Меңди Мамазаированын “Жайдын эң ысык күнү” аңгемесинин каармандары да эңсегенине жетиш үчүн биртоп тоскоолдордон өтүштү. Кыргыз аңгемесинин классикасынан бактылуу сүйүү баяны тууралуу кеп кылабыз. Алоо... www.azattyk.kg

23.11.2021 АКШ "ИМ-Хорасан" тобунун үч лидерин дүйнөлүк террорчулардын тизмесине кошту
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Ооганстандагы "Ислам мамлекети-Хорасан" экстремисттик уюмунун үч мүчөсүн өтө коркунучтуу глобалдык террорчулардын тизмесине кошту. 22-ноябрда мекеме тараткан билдирүүдө дагы бир адам аталган уюмга каржылык жа... www.azattyk.kg

29.10.2020 Министрлик: жарык өчкөндө кычкылтек концентраторуна кошулгандар тынчсызданды
Айгерчинова азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.... sputnik.kg

07.10.2020 Ошто Таалайбек Сарыбашовду колдогон митинг өтүп жатат. Сүрөт, видео
Мурдагы мэрди колдоого болжол менен 200дөн ашык киши чогулган. Кабарчы билдиргендей, митингге келип кошулгандардын саны көбөйө баштады.... sputnik.kg