Кыргызча анекдот / апенди:

эшек
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD82.0083.00
EUR83.0084.00
RUB1.3201.400
KZT0.10000.2000

обновление 14.07.2022 13:22:26

көкпар жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

02.10.2022 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан көкпардан жеңүүчү болду
Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар (жер улак) боюнча таймаштарда Казакстандын командасы жеңүүчү болду. Жеринен "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 2-октябрдагы финалдык беттеште Кыргызстан менен Казакстандын к... www.azattyk.kg

30.09.2022 Көкбөрү, көкпар. Окшош оюндан чыккан бүтпөс талаш
Көчмөндөр оюндары Изникте өтүп жатат. Көкбөрүбү же көкпарбы, кайсынысы көз жоосун алат деген талаш бул жолу да аябай кызыды. Ал ат майданында ким мыкты, ким күчтүү, ким шамдагай деген көрүнө да көмүскө да атаандаштык менен эле бүтпөй жатат.... www.bbc.co.uk

29.09.2022 Көчмөндөр оюну: Кыргызстан көкпардан Түркияны утту
29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 102 өлкөдөн барган үч миңдей спортчу катышууда. Кыргызстандан барган 148 атлет спорттун 11 түрү боюнча ат салышат. Кыргызстанда башат алган Көчмөндөр оюндарынын р... www.azattyk.kg

29.09.2022 Түркияда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды
29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышат. Изнике Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат. Спортчулар ат оюндарында көкбөрү жана көкпар, ... www.azattyk.kg

23.09.2022 “Көк- Бөрү” жана Алыш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди
“Көк- Бөрү” жана Алыш улуттук спорту IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди. Мындан сырткары Көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы ... www.azattyk.kg