Кыргызча анекдот / апенди:

Коён интернет клубда
Коён интернет клубда агентте олтурат экен, Анан карышкырга: сени кармаган жерде олтуром деп жазат экен . Аны жанында олтурган тулку коруп калып, ''не олгун келдиби коён'' десе, коён ''коркбой эле кой, мен аюунун логини менен кирип атам'' дептир .:
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.0089.70
EUR98.0099.00
RUB0.9601.000
KZT0.13500.2000

обновление 03.01.2024 12:31:13

орусиЯдагы жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
«
1 | 2 | 3 | 4 | 5
»

26.08.2022 Элчи Орусияда жол кырсыгынан жабыркагандардан кабар алды
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында жабыркап, ооруканада жаткан кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жооптуу дарыгерлер бей... www.azattyk.kg

25.08.2022 Орусиядагы жол кырсыгы: Ооруканага жаткырылган 3 Кыргыз жаранынын абалы айтылды
Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынын кесепетинен ооруканага жаткырылган Кыргыз жарандарын Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана аталган облустун губернатору Алексей Русских зыярат кылышты... www.super.kg

24.08.2022 Орусиядагы кырсыкка жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунун жүрөк оорусу себеп болгону айтылды
Орусиядагы жол кырсыгына оор жүк тарткан машиненин айдоочусунун каргашага чейин каза болгону себепкер болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маркумдардын сөөгүн жакындарына тапшырып жатып билдирди. Министрдин а... www.azattyk.kg

22.08.2022 Орусиядагы кырсыкта каза болгондордун аты-жөнү расмий жарыяланды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жарыялады. Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта. Буга чейин министр Бо... www.azattyk.kg

21.08.2022 Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы автожолундагы жол кырсыгы жөнүндө маалымат таратты. Баштапкы маалымат боюнча жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Ооруканага жаткырылган үч киш... www.azattyk.kg

18.08.2022 Орусияда камакка алынган журналист Шукаева ачкачылык жарыялады
Орусиядагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын YouTube каналына шилтеме кылып билдирүү жазганы үчүн Екатеринбургда 14 күнгө камакка алынган журналист Елена Шукаева ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу “ОВД-Инфо” басылмасы жазды. Журналист  “ачкач... www.azattyk.kg

Жарыялар

17.08.2022 Казакстандагы сурамжылоо: Орусия институтунун көздөгөнү эмне?
Орусиядагы КМШ өлкөлөрүнүн институту Казакстандын орус тилинде сүйлөгөн тургундарынан “дискриминацияга кабылган жоксузбу?” деген сурамжылоо жүргүзүүдө. Москвадагы уюм мурдагы Советтер союзуна кирген мамлекеттердин орус тилдүү жарандары үчүн атайын уш... www.azattyk.kg

15.08.2022 ТИМ: Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен ишти күчөтүү тапшырылды
Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын жарым жылдыгына байланыштуу коллегияда элчиликтердин баарына чет жерде жүргөн кыргыз жарандарынын укугун жана кызыкчылыгын камсыз кылуу тапшырмасы берилгенин билдирди. Маалыматта ага ылайык, дипломаттар диаспоралар... www.azattyk.kg

11.08.2022 Адвокаттар Атамбаевдин Орусияга барып дарыланышына уруксат сурады
Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары аны дарылануу үчүн Орусияга жиберүү өтүнүчү менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесаров “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында,... www.azattyk.kg

10.08.2022 Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги согушка катышкан жарандары жоопко тартыларын эскертти
Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги чет өлкөдө ыктыярдуу батальон түзүп же башка мамлекеттеги согуштук аракеттерге катышкан өзбек жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Элчиликтин расмий сайтына чыккан маалыматта ыктыярдуу батальондорго ... www.azattyk.kg

05.08.2022 “Супер-Инфонун” каарманына Орусиядагы мекендештер кол сунду
Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин №1001 санында “Эки кызын жалгыз баккан ата: “Өкүнгөнүм – 8 жыл күтүп төрөгөн кызын жубайым көрбөй кетти” деген аталышта макала жарык көргөн... www.super.kg

Кыймылсыз мүлк

30.07.2022 Орусиядагы кыргызстандыктардын балдары Ысык-Көлдө эс алат
Орусиянын Урал федералдык округунда жашаган кыргызстандыктардын балдары Ысык-Көлдө эс алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, балдар 1-10-август күндөрү "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана р... www.azattyk.kg

29.07.2022 Орусиядагы кыргыз жарандары арасындагы кылмыштуулук көйгөйү талкууланды
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар арасында кылмыштуулук көбөйгөнүн талкуулаган жыйын болуп өттү. Жыйын Москвадагы кыргыз диаспорасынын демилгеси менен уюштурулганын элчиликтен билдиришти. Маалыматта айтылгандай... www.azattyk.kg

24.07.2022 Акын Вячеслав Шаповалов дүйнө салды
Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповалов 75 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады. Вячеслав Шаповалов 1947-жылы 28-октябрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Шаповалов Орусиядагы "Русская пре... www.azattyk.kg

24.07.2022 Украинадагы согушка кыргыз жарандарын азгырган жарыялар
Социалдык тармактарда Орусиядагы күзөт кызматтарына чоң маяна төлөнчү жумуштарга чакыруу менен "Вагнер" жеке аскердик компания аркылуу Украинадагы согушка азгырган жарыялар көбөйүүдө. Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фонду Борб... www.azattyk.kg

08.07.2022 Мигрант кыз-келиндерге психологиялык жардам берүү кызматы иштей баштады
Орусиянын Екатеринбург шаарында мигрант кыз-келиндер үчүн психологиялык жана укуктук жардам берген ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмесинин негиздөөчүсү Гүлнара Дербишева “Азаттыкка” кабарлады. Дербиш... www.azattyk.kg

Авто-мото

06.07.2022 Доллар тартыштыгынын себеби эмнеде?
Кыргызстанда доллардын курсуна байланыштуу маселе утур-утур көтөрүлүп жатат. Өлкөдө накталай доллар тартыштыгы сезилип, ишкерлерге кошумча түйшүк жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк муну Орусиядагы кырдаалга байланыштырып, накталай долларлар Орусияга... www.azattyk.kg

02.07.2022 Universal Pictures Орусиядагы ишин биротоло токтотот
Universal Pictures кинокомпаниясы Орусиядагы ишин биротоло токтотууну чечкенин "Кинопрокатчынын бюллетени" деген аталыштагы Телеграм-канал өз булагына шилтеме кылып жарыялады. Компания Орусиядагы кеңсесин жаап, өлкөдөгү ишмердүүлүгүн токтотору туура... www.azattyk.kg

23.06.2022 Nike корпорациясы Орусиядан биротоло кеткенин жарыялады
Америкалык кийим жана бут ким кийим өндүргөн Nike корпорациясы 23-июнда Орусиянын рыногунан биротоло кеткенин жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Марттын башында Nike интернет дүкөндөрүндөгү сатууларын токтоткон, кийинчерээк Орусияд... www.azattyk.kg

15.06.2022 Алексей Навальный абактан байланышка чыкты
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу билдирүү таратып, Владимир облусундагы Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулганын маалымдады. Навальный буга чейин жаза мөөнөтүн өтөп... www.azattyk.kg

13.06.2022 Орусиядагы мигранттарга чат бот аркылуу кеңеш бериле баштады
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарга консулдук маселелери боюнча маалымат берген чат ботун ишке киргизгенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Телеграмдагы канал аркылуу мигранттар кыргыз жана орус тилдеринде  паспорт, айдоочулук күбөлүк, Кы... www.azattyk.kg

Кызматтар

12.06.2022 Орусиядагы "Макдоналдс" ресторандары "Вкусно и точка" деп өзгөртүлдү
Орусиядагы мурдагы "Макдоналдс" тез тамактануучу ресторандары "Вкусно и точка" деген аталыш менен кайрадан ачылды. Москвадагы жана анын чет жакасындагы 15 түйүндүн ачылышы 12-июнь – Орусиянын күнүндө өттү. Аземге шаар мэри Сергей Собянин да катышты. ... www.azattyk.kg

06.06.2022 Орусияда иликтөөчү журналист Андрей Солдатовго издөө салынды
Орусиялык иликтөөчү журналист, орус атайын кызматтарынын ишмердүүлүгүн иликтөө менен алектенип келген Agentura.ru сайтынын башкы редактору Андрей Солдатовго издөө салынды. Бул тууралуу ал өзү 6-июнда Фейсбукка жазды. Солдатов өзүнүн ысымын Ички иште... www.azattyk.kg

06.06.2022 Жон Салливан: Вашингтон менен Москва элчиликтерин жаппашы керек
АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан Вашингтон менен Москванын алакасы "жакынкы арада" жакшырарынан күмөн санай турганын билдирди. Эки өлкөнүн алакасы Орусия Украинага басып киргени Кансыз согуштан кийинки эле эң төмөн деңгээлге жетти. Орусиянын л... www.azattyk.kg

30.05.2022 ТИМ Орусияда кыргызстандык кыздын зордукталганы жөнүндө маалыматты тактап жатат
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарындагы окуу жайлардын биринде окуган 16 жаштагы студент кызды өгөй атасы сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнү жөнүндө кабарды тактоо үчүн тийиштүү органдарга нота жөнөткөнүн кабарлады. Бул тууралуу Ты... www.azattyk.kg

29.05.2022 Орусия: кыргыз мигранттарын эмне күтөт?
Украинада согуш башталып, Москвага катаал санкциялар киргизилгенден бери Орусиядагы кыргыз мигранттарынын жашоосу кандай өзгөрдү? Кандай кыйынчылыктар жаралып, кандай мүмкүнчүлүктөр пайда болду? Мигранттар алдыда эмнеге даяр болушу керек? “Азаттыкты... www.azattyk.kg

27.05.2022 Болот Жунусов: ЕАЭБдин талаптары кризистик абалда жеңилдетилиши керек
ЕАЭБ аймагындагы чектөөлөр менен тоскоолдуктар, товар жеткирүүдөгү жана миграциялык талаптар азыркыдай кризистик абалда жеңилдетилиши керек. Бул тууралуу пикирин Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, дипломат Болот Жунусов Азаттык” радиосунун “Экс... www.azattyk.kg

19.05.2022 WSJ: Google компаниясынын Орусиядагы кызматкерлери Дубайга чыгып кетти
Америкалык Google корпорациясы Орусиядагы кеңсесинин кызматкерлерин чыгарып кетти, көбү Дубайга жер которушту. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды. Орусияны канча кызматкер таштап чыгып кеткени макалада б... www.azattyk.kg

16.05.2022 "Макдоналдс" менен "Рено" Орусиядан кетип жатканын жарыялады
"Макдоналдс" тез татым жайларынын түйүнү Орусиядан толугу менен кетип жатканын жана өлкөдөгү бизнесин сата турганын жарыялады. Америкалык бул компания Орусияда дээрлик 32 жылдан бери иштеп келген. Бул өлкөдөгү алгачкы "Макдоналдс" 1990-жылдын декабры... www.azattyk.kg

07.05.2022 Путинге таандык экени айтылган кемени Италия камакка алды
6-майда Италиянын бийлиги “Шехерезада” деген аталыштагы чоң яхтаны өлкөнүн Марина ди Каррара аттуу портунда камакка алды. Яхта Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык экени болжолдонууда. Италиянын финансы полициясынын изилдөөсүнүн негизинде я... www.azattyk.kg

29.04.2022 Орусия: кыскарган айлык, иш таштаган мигранттар
Орусияда тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүүчү Delivery Club сервисинде иштеген борборазиялык ондогон мигрант айлык акысы азайганы үчүн иш таштады. Алар тарифтик саясат өзгөргөнү үчүн төлөм кыскарып кеткенин, мындай шартта иштөө мүмкүн болбой калганын ... www.azattyk.kg

29.04.2022 Дүйшөмбүдө Орусиядагы тажик мигранттарынын лидеринин соту башталды
29-апрелде Дүйшөмбү шаарында Орусиядагы тажик мигранттарынын лидери, жыл башында Тажикстанга экстрадицияланган Амриддин Аловаштаевдин соту  башталды. Ал "кишилерди барымтага алуу" сыяктуу оор кылмыштарга барган деп айыпталууда. Анын жакындары мунун б... www.azattyk.kg

08.04.2022 Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Муратовго кызыл боёк чачып кетишти
Орусиядагы "Новая газета" басылмасынын башкы редактору, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратовго белгисиз киши ацетон кошулган сыр (боёк) чачып кетти. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн "Новая газета. Европа" басылмасы бейшембинин кечинде журналист... www.azattyk.kg

31.03.2022 АКШ Орусияга жаңы санкцияларды жарыялады
АКШ Орусиянын бир катар технология компанияларына жана Москванын Украинага басып киришине байланышы бар деген адамдарга санкция салды. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги 31-мартта билдиргендей, орусиялык 13 жаран жана 21 мекеме санкциялык тизмеге кир... www.azattyk.kg

28.03.2022 «Хейнекен» жана «Карлсберг» компаниялары Орусиядагы ишин токтотууда
Даниянын «Карлсберг» жана Нидерланддын «Хейнекен» сыра компаниялары Орусиядан толук кетерин 28-мартта жарыялашты. Буга Орусиянын Украинага согуш ачканы түрткү болгонун белгилешти. «Хейнекен» ишканасы Орусиядагы бизнесин башка компанияга эл аралык жа... www.azattyk.kg

22.03.2022 Орусиядагы өзбек мигранттарынын мекенине акча которуусу кыйла азайды
Март айынан тартып Орусиядан Өзбекстанга акча которуу көлөмү кыйла азайганын 22-мартта “Азаттыктын” өзбек кызматы Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратовго таянып жазды. Нурмуратовдун айтымында, март айынын биринчи жарымындагы к... www.azattyk.kg

20.03.2022 Бриджстоун жана Бургер Кинг Орусиядагы иштерин токтотту
Орусияга экспорттоо менен жаңы инвестицияларын тоңдурган компания, кызматкерлерине каржылык колдоо көрсөтүүнү уланта турганын жарыялады.... www.trt.net.tr

18.03.2022 Орусиядагы кризис: Борбор Азияда эмне күтүлөт?
Украинадагы согуштун жана Орусияга киргизилген санкциялардын кесепети тууралуу Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур "Азаттыкка" маек курду.... www.azattyk.kg

09.03.2022 Парламент Мадумаровго болушту, сот Ураимовду абактан бошотту
Орусиянын Украинага кол салганына 14 күн болду. Орусиядагы каатчылыктын эпкини Кыргызстанга да тийип, бир АКШ доллары 100 сомдон ашты. Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине та... www.azattyk.kg

07.03.2022 Netflix жана TikTok Орусиядагы бир топ кызматтарын токтотту
Netflix жана TikTok компаниялары Украинадагы согушту чагылдырууга байланыштуу орус бийлигинин чектөөлөрүнөн улам Орусиядагы кызматтарынын көбүн токтотту. TikTok жаңы видеолорду жүктөө жана түз эфир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеди. Компания б... www.azattyk.kg

«
1 | 2 | 3 | 4 | 5
»