Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.9095.90
RUB0.1380.205
KZT0.94500.9850

обновление 26.04.2024 22:00:19

ынтымакта жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
 
 

10.06.2023 Президент Жапаров Июнь окуясынын 13 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады
Президент Садыр Жапаров кайрылуусунда 2010-жылдагы Июнь окуясы өлкө тарыхында мыкаачылык менен жасалган кылмыштар көп катталган, жүздөгөн адамдар набыт болгон окуя катары каларын белгиледи. "Калабада курман болгон мекендештер унутулбай" турганын айтт... www.azattyk.kg

14.04.2023 Эрдоган Диярбакырда
Президент Режеп Таййип Эрдоган 85 миллион калкы ынтымакта жашаган эркин Түркияны каалашкандарын айтты.... www.trt.net.tr