Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.60
EUR94.8095.80
RUB0.9400.965
KZT0.14000.2050

обновление 30.04.2024 05:10:19

БАРБЫ жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
«
1 | 2
»

16.03.2020 Курманжан - буйуртма тарых курмандыгыбы?
Журт башы Роза Отунбаева үстүбүздөгү жылды Курманжан датканын 200 жылдыгынын урматына атаган. Алымбек датка менен Курманжан даткадан тараган урпактар катарыбызда барбы деген ынтаа менен иликтеп көрүп, даткалардын бешинчи мууну Чыныбек Абдыкапаровду м... kmb3.kloop.asia

«
1 | 2
»