Кыргызча анекдот / апенди:

Карышкыр
Чон атасы небересине -балам карышкыр бир тундо жети кыр ашат десе.Небереси -пешкомбу? дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD69.6569.85
EUR77.5078.30
RUB1.1181.127
KZT0.18000.1850

обновление 16.01.2020 07:53:10

бой жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
«
1 | 2 | 3 | 4 | 5
»

03.12.2023 УКМКнын "укуругу" интимдик кызмат көрсөткөндөргө жетти
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө аймагында 1-декабрдан тарта интимдик кызмат көрсөтчү бир да жай болбой турганын билдирди. Ал мындай жайлардын уюштуруучуларынан тартып, кызмат көрсөткөн кыздарга чейин кармалып, жоопкерчили... www.azattyk.kg

02.12.2023 Мэрия Октябрь районунда митинг өткөрүүгө болбой турганын эскертти
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы калаанын Октябрь районунун аймагында митинг өткөрүүгө болбой турганын 2-декабрда билдирди. "Шаардыктардын жана шаар конокторунун коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоо жана район аймагында массалык башал... www.azattyk.kg

30.11.2023 Скопьеде ЕККУнун саммити башталды
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыл сайын өтүүчү саммити 30-ноябрда Түндүк Македониянын баш калаасы Скопьеде башталды. Бул жолку жыйын баштала электе эле бир катар талаш-тартыштар менен коштолду. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей... www.azattyk.kg

29.11.2023 Аба ырайы: жаан жаайт
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 30-ноябрда Чүй, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон... www.azattyk.kg

28.11.2023 Аялдарга үй салып берген айымдар
“Айымдар айымдарга кол сунат” долбоорунун алкагында Ноокат районундагы сегиз балалуу жалгыз бой эне үйлүү болду. Миграцияда жүргөн ишкер айымдар демилге көтөрүп, айыл тургундары да көмөк көрсөткөн. Соңку маалда айыл жеринде жол, бала бакча куруу жана... www.azattyk.kg

23.11.2023 Ташиев: Матраимов, Көлбаев, "Женго" дегендер болбойт
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш тууралуу парламентте биринчи жолу маалымат берди. “Женго” каймана аты бар Кадырбек Досонов Оштон Бишкекке которуларын айтты. Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун эки... www.azattyk.kg

Жарыялар

23.11.2023 Аба ырайы: тоолуу аймактарга кар жаайт
24-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланат, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын тем... www.azattyk.kg

17.11.2023 Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси баласынан баш тартпай турганын айтты
Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен деп шек саналып жаткан 21 жаштагы келин окуя кандай болгонун айтып берди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Мекеме келин баланы өзү эч кимдин көмөгү жок эл... www.azattyk.kg

17.11.2023 Өнал: «БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо зарылдыгын кийинкиге калтырууга болбойт»
Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү, элчи Седат Өнал БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги реформа темасында сөз сүйлөдү.... www.trt.net.tr

17.11.2023 18-ноябрдын аба ырайы
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 18-ноябрда күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24, Тал... www.azattyk.kg

16.11.2023 “Антисанитария жана адам чыдагыс абал” – Газадагы бомбалоо учурундагы төрөт
БУУ ооруканалар жарадарларга толуп кеткендиктен, кош бойлуу аялдардын төрөтү кооптуу абалда өтүп жатканын билдирди.... www.bbc.co.uk

Кыймылсыз мүлк

15.11.2023 Собянин армияга ыктыярчыларды кабыл алуу уланарын, каалоочулар көп экенин айтты
Москва Орусиянын Коргоо министрлигинин келишим менен армияга алуунун быйылкы планын эрте аткарганын шаар мэри Сергей Собянин шаршембиде аскердик кызматка алуу пунктуна барган кезде билдирди. Анын айтымында, башкалаада 47 миң киши келишимге кол койго... www.azattyk.kg

15.11.2023 Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум 22-ноябрга жылдырылды
15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум болбой калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бул ишке байланыштуу шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Ту... www.azattyk.kg

13.11.2023 Журналист Мамыркулова УКМКда күбө катары сурак берип чыкты
13-ноябрда журналист Канышай Мамыркулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгында күбө катары сурак берип чыкты. Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек ... www.azattyk.kg

13.11.2023 Абактагы активист Гүлжигит Исаковдун тарапташтары президентке кайрылды
Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун тарапташтары 13-ноябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. Алар Исаковдун күнөөсү жоктугун айтып, үй камагына чыгарууну суранышты. Ошондой э... www.azattyk.kg

12.11.2023 Лавров Орусияны Борбор Азиядан сүрүп чыгаруу аракети жүрүп жатканын айтты
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдик Орусияны Борбор Азиядан түртүп чыгарууга аракет кылып жатканын, Москва эч жакка кетпей турганын айтты. Анын мындай комментарийин орусиялык журналист Павел Зарубин Телеграммдагы каналына жарыялады. ... www.azattyk.kg

Авто-мото

10.11.2023 Жогорку Сотто Kaktus.media боюнча чечим чыкты
Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Сотто "Вечерний Бишкек" гезитинин Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыкты. Соттук коллегия журналист Диля Юсуповага буга чейинки эки инстанцияда салынган 500 миң сом айыпты 100 миң сомго түшүрдү. Ал эми б... www.azattyk.kg

07.11.2023 8-ноябрдын аба ырайы
8-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкү... www.azattyk.kg

01.11.2023 Путин менен ХАМАС Европанын энергетикасына таасир этеби?
Европа ушуну менен үчүнчү жылытуу мезгилин Орусия менен болгон газ согушунун шартында баштаганы турат. Бул жолу Евробиримдик (ЕБ) мүмкүн болушунча даярданып, бир ай мурун европалыктар эми жазга чейин тоңбойбуз деп ишенишкен. Бирок бул айда Европаны к... www.bbc.com

27.10.2023 WPS индекси: Кыргызстан - аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө
Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан аялдар үчүн эң кооптуу өлкө бойдон калууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) ушул жумада жарыяланган баяндамасына ылайык, Кыргызстан аялдардын коопсуздугу жана бакуба... www.azattyk.kg

21.10.2023 Президент Жапаров МИ-8 тик учагы Беларустан оңдолуп келгенин айтты
Президент Садыр Жапаров 2016-жылы Орусия Кыргызстанга берген МИ-8МТВ-1 тик учагы алты жылдан кийин Беларуста оңдолуп кайра колдонула баштаганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал 2016-жылы Кыргызстанга алынып келген т... www.azattyk.kg

Кызматтар

18.10.2023 Грузия парламенти президентке импичмент жарыялай албай калды
Грузиянын парламенти президент Саломе Зурабишвилини кызматтан кетире албай калды. Импичмент үчүн 86 депутат добуш берди. Ал эми президентти кызматтан кетирүү үчүн 100 добуш керек эле. Бийликтеги «Грузин кыялы» менен «Элдин күчү» партияларынан турган ... www.azattyk.kg

18.10.2023 Кемпир-Абад иши боюнча сот башка күнгө калды
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бүгүн 18-октябрга белгиленген соту болбой калды. Буга соттук отурумга абактагы айыпталуучулар жеткирилбегени негиз болгонун "Азаттыкка" айыпталуучулар Равшан Жээнбековдун жана Марат Баязовдун адвокаты Эркин Садан... www.azattyk.kg

18.10.2023 “Фейсбуктагы” пикири үчүн камалган эки аял маселеси парламентте айтылды
“Фейсбуктагы” пикири үчүн камакка алынган эки аял боюнча маселе бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын депутат Гуля Кожокулова партиянын 20дан ашуун мүчөсү кармалганын билдирип, жогоруда аталган аялдардын ишине ба... www.azattyk.kg

15.10.2023 Сузакта 96 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулду
Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында "Үмүт" деп аталган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Долбоор облустук бийлик жана "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды. Шаарча курууга 3 гектар жер аянты ... www.azattyk.kg

11.10.2023 Иорданиянын королу  2 -  Абдуллах Палестинага колдоо көрсөттү
2 -  Абдуллах : "Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет болбосо Жакынкы Чыгышта да тынчтык жана  туруктуулук болбойт",- деди.... www.trt.net.tr

08.10.2023 9-октябрдын аба ырайы
9-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. А... www.azattyk.kg

07.10.2023 "Кримтөбөл болбойм". Кылмыш чөйрөсү чөгөлөйбү?
Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда кылмыштуулукту жоюуга өзгөчө көңүл бура турганын билдирди. Ага удаа эле кылмыш чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрүнүн "мыйзамдагы ууру" макамынан баш тартканын билдирген видеолору тарады. Атайын кызматтын билдирүүсү ... www.azattyk.kg

05.10.2023 Ташиевдин эскертүүсү, кримтөбөлдүн өлүмү
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атайын операцияда өлтүрүлүшү тууралуу комментарий берип, өлкөдө мындай кийин “мыйзамдагы ууру” болбой турганын, “караларга” каршы күрөш уланарын дагы кайталады.... www.azattyk.kg

02.10.2023 Жалал-Абад: Аселдин өзгөчө технологиясы менен башкан нан
Жалал-Абаддын тургуну Асель Сапарбаеваны шаардыктар ал өзгөчө технология менен бышырган нан аркылуу таанып калышты. Ал нанды муздак сууга жууруп, камыртурушка ачытып, бышырат. Жалгыз бой эне колу бошой калганда мейманкада ашпозчу болуп, такси да айда... www.azattyk.kg

28.09.2023 Кыргызстан Орусияга эки илбирс жиберет. Экологдор буга каршы
Кыргызстан изилдөө иштери үчүн Орусияга эки ак илбирс жиберет. Учурда атайын топ сейрек кездешүүчү бул жаныбарды кармоонун үстүндө иштеп жатат. Экологдор илбирстерди байырлаган жеринен башка жакка көчүрүп барып изилдөөну колдобой тургандыгын айтышты.... www.bbc.com

27.09.2023 Бийлик менен оппозицияга диалог керекпи?
Коомчулукта бийлик менен оппозициялык маанайдагы күчтөрдүн ортосундагы диалогдун зарылдыгы тууралуу демилгелер көтөрүлө баштады. Бийлик мындай диалогго муктажбы? Сүйлөшүүлөр жүрбөсө анын кесепети болбойбу? "Азаттыктын" студиясында Президенттин алдынд... www.azattyk.kg

14.09.2023 Депутаттар Өмүрбек Бакиров тууралуу БШКдан маалымат алууну сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Мамытов добуш сатып алууга байланыштуу мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакиров тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматын угууну сунуштады. Ал бул маселе парламенттин 13-сентябрда көтөрүлгөнү менен  күн тартиби... www.azattyk.kg

13.09.2023 “Өзүбүзгө гана ишенишибиз керек”: кышка даярдык
Соңку күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тууралуу удаалаш билдирүүлөр жасашты. Акылбек Жапаров элди энергияны үнөмдүү колдоонууга чакырса, Таалайбек Ибраев кышында чектөөлөр ... www.bbc.com

11.09.2023 Энергетика каатчылыгы: Өкмөт кыш катаал болорун, жарык өчүрүлөрүн эскертти
Быйыл Кыргызстанда энергетикалык абал калкты өзгөчө кооптондуруп турат. Суунун тартыштыгы тармактагы каатчылыкты курчутуп, өкмөт бул кырдаалдан чыгуунун айла-амалын издеп жатат. Бирок кыргыз бийлигинин энергетикадагы абал боюнча маалыматтары бири-бир... www.azattyk.kg

07.09.2023 Мексика бойдон алдырууга салынган федералдык тыюуну жокко чыгарды
Мексиканын Жогорку Соту бойдон алдыргандарга колдонулуучу бардык федералдык тыюу салууну жокко чыгарды жана Улуттук саламаттыкты сактоо мекемесине каалоочуларга аборт кызматын көрсөтө берүүнү сунуштады. Сот мындай чечимди бойдон алдыргандарды жоопке... www.azattyk.kg

06.09.2023 Гуля Кожокулова: “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык фракция бойдон калат
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова Адахан Мадумаровдун иши боюнча парламентке укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып, маалымат алуу сунушун берди. Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жалпы жыйынын... www.azattyk.kg

04.09.2023 Ковиддин кийинки кесепеттери. Сиз эмнени байкадыңыз?
Арабызда деле "ошол оорудан кийин эс тутумум мурдагыдай болбой калды", "баягыдай демдүү жүрө албай калдым", уйкум кадимкидей эле бузулду", "керек болсо жыныстык кубатым да начарлап кетти" деген сыяктуу турдүү байкоолорун айткандар бар.... www.bbc.com

03.09.2023 Бишкек мэри: 15 мүнөттүк жерге машина менен жарым саатта жетчүдөй система түзүлөт
Бишкек мэриясы шаардыктар коомдук транспортко көбүрөөк түшүүгө кызыкдар боло тургандай система түзүүгө киришкенин мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге билдирди. Автобус, троллейбус жүргөн чоң жолдорго алар үчүн өзүнчө тилке ачуу бул сис... www.azattyk.kg

02.09.2023 Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт
3-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күрк... www.azattyk.kg

«
1 | 2 | 3 | 4 | 5
»