Кыргызча анекдот / апенди:

Аялын тамашалаганда
Бир киши аялын текшерип көрөйүн деп
"мени сүйөт бекен, же сүйбөйт бекен" деп план кылат.
Анан аялы үйдө жокто кат жазып баштайт:
"мен кеттим, сени менен ажырашам, сени менен жашай албайм" деп,
катты бөлмөсүндөгү тумбочканын үстүнө коюп, өзү дивандын астына жашынат.
Жолдошу бул кичинекейлерди оюну экенин түшүнсө да, жубайын текшергиси келет.
"Жубайым менин кеткениме кайгырабы?! деп.
Аялы үйүнө келип, бөлмөсүнө кирип катты алып окуйт.
Анан калем сапты алып, жанагы катка бираз жазат.
Аял телефонду алып:
-Алло,жаным кандайсың?, элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр,
эмнеге ушуга турмушка чыкканыма өзүм да түшүнбөйм, эми мунун баары артта, эми сен барсын!
Азыр барып калам, жолугабыз, деп сүйлөшөт!
Шкафты ачып сонун кийимдерин кийип, бийлеп үйдөн чыгып кетет!
Аялы кеткенден кийин, жолдошу ыйлап дивандын астынан чыгып, ачуусу келип, шайы кетип, эмне кылаарын билбей,
катты алып окуйт. Катка аялы минтип жазган болот:
- Жаным мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, Сени сүйөм ошол үчүн сага турмушка чыккам.
ДИВАНДЫН АСТЫНАН БУТУН КӨРҮНүП ТУРАТ, чык! МЕН ДҮКӨНГӨ НАНГА КЕТТИМ, азыр келем ТАМАКТАНАБЫЗ! деп жазган болот!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.3089.20
EUR94.7095.70
RUB0.9500.980
KZT0.14000.2050

обновление 09.05.2024 04:55:21

киров жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
«
1 | 2 | 3
»

20.10.2020 Абакиров: Чет жакта миллиондой кыргыз жараны парламенттик шайлоодо добуш бере албай калды
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстандын чет мамлекеттерде, айрыкча Орусияда жашаган бир миллионго жакын жараны добуш берүү укугунан ажырап калды деп эсептейт. Мындай пикирин Абакиров 2... www.azattyk.kg

13.10.2020 Элдик кошуунчулардын "Биздин Бишкек" кыймылы ишин жыйынтыктады
Бишкекте 6-октябрда башталган башаламандык күндөрү түнкүсүн шаарды кайтарган элдик кошуунчулардын “Биздин Бишкек” кыймылы коопсуздукту камсыз кылуу ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Бул тууралуу 13-октябрда “Азаттык” радиосуна кыймылдын мүчөсү Улукбек Исра... www.azattyk.kg

«
1 | 2 | 3
»