Кыргызча анекдот / апенди:

Карыздан кутулуу
Бир жигит досунан 100 000 сом карызга алат экен, бир жылдан кийин 20 процент кошуп 120 000 сом кылып берем дей экен.
арадан бир жыл өтүптүр, досу жигитке келип сүйүнүп сурат экен,
- Досум арадан бир жыл өттү, эми акчамды проценти менен кошо бер деп
жигит досуна ишинин жакшы болбогондугун айтып 5-6 ай дагы убакыт бер дейт экен
арадан 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип дагы сурайт экен,
мурунку эле жоопту алыптыр:
- Ишим жүрүшпөй жатат, 5-6 ай дагы убакыт бер, дейт экен
досу:
- Досум процентин албай эле койдум, 100 000 сом алган акчанды эле бер, дептир.
жигит аны да бергенге акчасы болбогондукугун айтып досун 5-6 айдан кийин берейин дейт экен.
арадан дагы 5-6 ай өтүптүр, досу жигитке келип 100 000 сом карызын бер дейт экен, жигит дагы деле ошол эле шылтоону айтып акчам жок иштерим жүрүшпөй жатат дептир, досу карызын толук алалбашын сезип жок дегенде 80 000 сомун алайын деп, досуна:
-мейли, 100 000 сомдун баарын албайын, 80 000 сомун бер анда дептир,
жигит 5-6 айдан кийин келгенде 80 000 сомун берерин айтып жөнөтөт.
5-6 ай өтөт, досу жигитке келип 80 000 сомун бер деп сурайт, мурунку эле шылтоо, акча жок деген, досу жигитке жини келип ар келгенде шылтоо айтып жөнөтө бересинби дептир,
Жигит анда айтыптыр:
- Досум бираз сабыр кылып күтө турчу, акырындык менен карызындан кутулуп жатам го, 120 000 сомдон 80 000 сом калды го - дептир


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.4089.30
EUR94.8095.80
RUB0.9600.980
KZT0.14100.2050

обновление 07.05.2024 14:40:22

мээр жаңылыктар

Кыргызстан сонку - акыркы жанылыктар кабарлар
«
1 | 2 | 3
»

17.12.2020 Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге алды
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда алтын байге алды. Ал финалда чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 утту. Мээрим Жуманазарова алгач беларус Андда ... www.azattyk.kg

17.12.2020 Дагы бир алтын! Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык спортчу кыз квалификациялык жана чейрек финалдык этаптарда беларустук жана украиналык спортчулардан мыкты экенин көрсөткөн.... sputnik.kg

16.12.2020 Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөт
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын байге үчүн күрөшөт. Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жумана... www.azattyk.kg

15.12.2020 Дүйнө кубогу: Мээрим Жуманазарова финалга чыкты
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан турнирде кыргызстандык спортчу жарым финалда украиналык Алина Стадникти жеңип алды.... sputnik.kg

07.11.2020 Жылдыздуу балбан атыккан Жуманазарова өлкөгө алтын алып келди. Видео
Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Польшанын борбору Варшавада өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду.... sputnik.kg

«
1 | 2 | 3
»