ҮЙ-БҮЛӨ-Үй турмушуңар кандай, татуулаштынарбы? -Эң сонун! Мына үчүнчү жолу ажырашуудан баш тарттык.Кийинки анекдот/апендини оку
обновление 22.05.2026 18:01:47
22.05.2026 Кыргызстан чет элдик жумушчулар үчүн квотаны 100 миңге чыгардыӨкмөт 2026-жылы Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квотаны 52 миңден 100 миңге чейин көбөйттү. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-апрелде кол койгон.Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы... www.azattyk.kg
22.05.2026 Кыргызстан чет элдик жумушчулар үчүн квотаны 100 миңге чейин көбөйттүКыргызстан чет элдик жумушчулар үчүн берилүүчү квотаны 52 миңден 100 миң адамга чейин көбөйттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 30-апрелдеги тескемесинде көрсөтүлгөн.... www.bbc.com
22.05.2026 "Туулган күнүмө "Орус жамааты" келди". Жаңы улутчулдардын бейнесиРазия менен Катя бири-бирине такыр окшобойт. Бири Кыргызстандан Сибирдеги айылга көчүп келген көп балалуу эне болсо, ал эми экинчиси Архангельскидеги жаштар үчүн өзгөчө кечелердин уюштуруучусу. Бирок, аларды бириктирген бир окуя бар – экөө тең "Орус ... www.bbc.com
22.05.2026 Төрт айда экзаменден өткөндөргө жарым жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилетӨкмөт Кыргызстанда жарым жылдык убактылуу айдоочулук күбөлүк берүү тартибин киргизди.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, автомектепти кеминде төрт ай окуп, теориялык жана практикалык экзаменди ийгиликтүү тап... www.azattyk.kg
22.05.2026 Өкмөт күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн субсидия маселесин карап жататМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. “Ынтымак ордо” билдиргендей ага бензин, солярканы жеткирүү жана сатуу менен алектенген чоң компания-нефтетрейдерлердин жетекч... www.azattyk.kg
21.05.2026 “75чилердин каты”: Адвокаттар шаардык сотко даттанды“75чилердин каты” иши боюнча айыпталгандардын адвокаттары шаардык сотко даттанды. Израилдин улуттук коопсуздук министринин жоругу сынга кабылды. Орусиядан Кыргызстанга келип иштеген мугалимдер тууралуу да "Бүгүн Азаттыкта" берүүсүндө айтып беребиз.... www.azattyk.kg
21.05.2026 УКМК Жаныбек Кубандыков алдамчылыкка шектелип кармалганын ырастадыКыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жаныбек Кубандыков кармалганын 21-майда маалымдап, сүрөтүн да жарыялады. Ал "чет өлкөлүк инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган" деп шектелүүдө.... www.bbc.com
21.05.2026 Москвада кыргызстандык келиндин өлүмүнө шек саналып кыргыз жараны кармалдыКыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада 33 жаштагы кыргызстандык келиндин өлүмүнө шек саналып Кыргызстандын 31 жаштагы жараны кармалганын билдирди.Мекеменин маалыматына караганда, бул окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өл... www.azattyk.kg
21.05.2026 Чубак ажы Жалиловго жана бир катар диний ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылдыКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол ... www.bbc.com
20.05.2026 "Тарыхты бурмалоо мүмкүн эмес". Оторчулук термининен чыккан талкууОрусия Илимдер академиясынын тарыхчылары Кыргызстандын тарых окуу китептериндеги “колониализм” жана “колониялык саясат” деген терминдерге каршы болууда. Алар кыргызстандык кесиптештерин бул терминдерден баш тартууга чакырууда. Анын ордуна "администра... www.azattyk.kg
20.05.2026 Санкция маселеси: Кыргызстан 50 компаниянын ишин токтоттуМинистрлер кабинети санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтотту. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. Батыш өлкөлөрү соңку үч-төрт жылдан бери отуздай кыргыз компаниясына, анын и... www.azattyk.kg
20.05.2026 Кыргызстанда 100 миңден ашуун адам жумушсуз катары каттоодо туратБүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны 104 700 адамды, ал эми жумушсуздуктун жалпы деңгээли 3,7% түздү. Бул алты жыл мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,1 пайызга аз.Мындай маалымат 19-майда Бишкекте өткөн иш менен камсыз кылуу ж... www.azattyk.kg
20.05.2026 Орус тарыхчылары кыргыз китептериндеги "колониализм" терминине теригиштиОрусиялык тарыхчылар кыргызстандык кесиптештерине Орусия империясы менен СССРге карата "колониализм" деген терминди колдонбоону сунуштады. Алар Кыргызстандагы тарых сабагы боюнча мектеп окуучулары үчүн жазылган китептерди изилдеп чыгышкан.... www.bbc.com
19.05.2026 Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттайтАмерикалык укук коргоочу Стив Свердлов Кыргызстанга киргизилбей, Түркияга депортация болду. Кыргызстандык укук коргоочулар бул чечимди айыпташты. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу кымбаттайт. Өкмөт мунун себебин дүйнөлүк биржалард... www.azattyk.kg
19.05.2026 Орусиялык тарыхчыларды териктирген "оторчулук" терминиОрусиялык айрым тарыхчылар Кыргызстандын мектептериндеги тарых китебинен "оторчулук" деген терминди алып салууну сунуштады. Бул тууралуу Москвада өткөн Кыргызстан менен Орусиянын тарых боюнча эксперттик кеңешинин жыйынында сөз болгонун бир катар орус... www.azattyk.kg
19.05.2026 Амангелдиев санкцияга байланыштуу иши токтотулган компаниялар боюнча комментарий бердиМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандын Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу ишин токтоткон 50 ишкана тууралуу кыскача маалымат берди. Ал “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинд... www.azattyk.kg
19.05.2026 "Бир Дүйнө" уюму Свердловдун өлкөгө кирбей калганына тынчсыздануусун билдирди"Бир Дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму АКШдан келген профессор Стив Свердловдун Кыргызстанга кире албай калгандыгына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу уюм өзүнүн расмий сайтына билдирүү жарыялады.... www.bbc.com
19.05.2026 Укук коргоочу Стив Свердлов Кыргызстанга кире албай кеткенин айттыТүштүк Калифорния университетинин профессору, адам укуктары боюнча Борбор Азиядагы белгилүү изилдөөчү Стив Свердлов 19-майда "Манас" эл аралык аэропортунан Кыргызстанга киргизилбей, кайра Стамбулга жөнөтүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Би-Би-Сиге ка... www.bbc.com
19.05.2026 Кыргызстанда санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 50 компания ишин токтоттуКыргызстандын Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 50 компаниянын ишин токтотту. Бул тууралуу министрлик өзүнүн Facebook баракчасына жазды.... www.bbc.com
18.05.2026 Москвадагы кыргыздар: Дрон тийгенде эсибиз чыктыМосква шаары жана Москва облусу дрондордун болуп көрбөгөндөй ири соккусуна дуушар болду. Үч киши каза тапты. Соңку чабуул ал жактагы кыргызстандыктарды дагы сестентти. Украин армиясынын дрондору Москванын абадан коргонуу системасын кантип жырып өтө а... www.azattyk.kg
18.05.2026 Ташиев жана сегиз кишинин соту башталдыУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишинин иши боюнча баштапкы соттук угуу башталды. Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын аба соккусунан 20 чакты адам жабыркады. Мурдагы түнү Орусия... www.azattyk.kg
18.05.2026 "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун курууда эки жүздөн ашуун турак-жай бузулат"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруунун алкагында 214 турак-жай бузулат. Бул тууралуу 18-майда, Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында транспорт жана ко... www.bbc.com
18.05.2026 Кыргызстан Жетим-Тоо кенин иштетүү үчүн инвестор караштыруудаКыргызстандагы эң ири жаратылыш байлыктарынын бири болгон Жетим-Тоо темир кенин иштетүү боюнча инвестор кароо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо комит... www.bbc.com
18.05.2026 Орус рублинин сомго карата курсу 2022-жылдан бери жогору чекке жеттиОрус рублинин сомго карата курсу 2022-жылдан берки рекорддук чекке жетти. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 18-майда 1 орус рубли 1,1932 сом болду. Бул Орусия Украинага кол салган, 2022-жылдын февраль айынан берки эң жогорку курс.... www.azattyk.kg
18.05.2026 Кыргызстандык аба компанияларды “кара тизмеден” чыгаруу боюнча акыркы иштер жүрүүдөКыргызстандын авиациясын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча акыркы иштер жүрүп жатат.Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Анын сөзүнө караганда, бу... www.azattyk.kg
18.05.2026 Садыр Жапаров БУУдагы шайлоого байланыштуу дүйнө лидерлерине кайрылдыКыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-июнда Нью-Йорк шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоонун алдында мамлекет башчыларына кайрылуу жасады.Президент дүйнөдө болуп жаткан куралдуу каг... www.azattyk.kg
18.05.2026 Президент Жапаров дүйнө лидерлерине кайрылдыПрезидент Садыр Жапаров дүйнө мамлекеттеринин башчыларына кайрылып, алдыда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырды. 3-июнда БУУда Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу эмес... www.bbc.com
17.05.2026 Жол эрежесин бузгандарды дароо аныктоочу жаңы жабдык колдонула баштайт1-июндан тартып Кыргызстанда жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктоочу жаңы автоматташтырылган комплекстер иштей баштайт. Бул тууралуу 16-майда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди... www.azattyk.kg
17.05.2026 Тажикстандын Маданият күндөрү алкагындагы иш-чаралар Бишкекте жана Чолпон-Атада өтөтКыргызстанда Тажикстандын Маданият күндөрү башталууда. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, 17–майдан 22-майга чейин өтө турган иш-чарага Тажикстандын 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы катыша... www.azattyk.kg
17.05.2026 Жугуштуу эмес оорудан каза болгондор боюнча көрсөткүч төмөндөөдөКыргызстанда жугуштуу эмес оорудан каза болгондордун саны боюнча көрсөткүч соңку сегиз жылда дээрлик үчтөн бирге азайганы, мында Швейцария өкмөтү көрсөткөн жардам олуттуу салым кошкону аталган өлкөнүн элчилиги жарыялаган маалыматта айтылды.2018-2026-... www.azattyk.kg
17.05.2026 Абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн биринчи этабы башталдыБүгүн 17-майда Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) башталууда. Жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандардын билим деңгээлин аныктоого багытталган жараян 23-майга чейин уланат.Ар бир катышуучу үч күндүк сынактан өтүшү керек болот. Биринчи... www.azattyk.kg
17.05.2026 Кыргызстанда Энелер күнү белгиленүүдөКыргызстанда бүгүн 17-майда Энелер күнү белгиленүүдө. Энелерге таазим иретинде түрдүү иш-чаралар уюштурулуп келди, куттуктоолор айтылууда. Президент Садыр Жапаров өз куттуктоосунда бүгүнкү күндө кыргыз энелери уул-кыздарды тарбиялап гана тим болбосто... www.azattyk.kg
16.05.2026 Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөтТажикстандын маданият күндөрү Бишкекте 17–майда башталат. 21-майда аяктай турган саамалыкка коңшу өлкөдөн 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы келет.Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Маданият кү... www.azattyk.kg
15.05.2026 Миңден ашуун аялга "Баатыр эне" наамы ыйгарылдыПрезидент Садыр Жапаровдун 15-майдагы жарлыгы менен Кыргызстандагы 1045 аялга "Баатыр эне" наамы ыйгарылды. Алар жети жана андан ашык бала төрөп, чоңойтуп, тарбиялап жаткан энелер.Ошондой эле алты бала төрөп, чоңойтуп, сыймыктуу тарбиялап жаткан 1023... www.azattyk.kg
15.05.2026 Президент көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлады2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады. ... www.bbc.com
14.05.2026 Бензиндин баасы дагы кымбаттайбы?Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн бензинге жана дизелге салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү демилгеледи. Орусия менен Украинадагы согуштан улам кымбаттап келаткан мунай Иранда согуш башталганы дагы кескин... www.azattyk.kg
14.05.2026 Маморгандарда жарандардын жеке маалыматы канчалык корголот?Жыл соңуна дейре Кыргызстандагы 150 мамлекеттик органдарда текшерүү жүрүп, жарандардын өздүк маалыматы канчалык мыйзам талабына ылайык корголуп жатканы текшерилет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште Жеке маалыматтырды коргоо боюнча агенттиктин директ... www.bbc.com
14.05.2026 Кыргызстанда эки жаңы банк түзүлдүУлуттук банк 13-майда Кыргызстанда эки жаңы банкка улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берди."Кылым банк" ачык акционердик коому мамлекеттик банк, ал эми "Мурас банк" жабык акционердик коому жеке менчик б... www.azattyk.kg
14.05.2026 Коммунисттен демократка айлангандар: Эгемендикке 35 жылКыргызстан быйыл эгемендигинин 35 жылдыгын белгилейт. "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов менен коммунисттен демократка айланган муун, андан кийинки жылдардагы советтик менталитеттин таасири, эгем... www.azattyk.kg
13.05.2026 Өкмөт күйүүчү майдын баасын кармаш үчүн айрым салыктардан бошототӨкмөт күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-майда журналисттерге билдирди. Ал дүйнөлүк биржаларда дизел эки эсеге, бензин 60-70% кымбатт... www.azattyk.kg